10 октябрь 2018

 Кыргызстан жарандары 63 өлкөгө визасыз кире алышат.

 Казакстандын жарандары - 76 өлкөгө, Тажикстан - 58, Өзбекстан – 59, Түркмөнстан 53 өлкөгө,  Бул маалыматтар эл аралык Henley & Partners консалтинг индексинин маалыматтарында көргөзүлгөн.

Кыргызстан рейтингде африкалык Гана өлкөсү менен 78-орунда турат. Казакстан Намибия менен 69-орунда. Тажикстан болсо Мозамбик, Мавритания, Сан-Томе жана Принсипи өлкөлөрү менен биргеликте  83-орунда турат. Өзбекстан 82 саптан орун алган. Ал эми, Түркмөнстан Чад, Кабо-Биссау жана Мадагаскар сыяктуу өлкөлөр менен 88-орунда турат.

9-октябрда Henley & Partners индексинин  2018-жылдын төртүнчү чейрегинде дүйнөдөгү виза режиминдеги өзгөрүүлөрдү чагылдырган жаңы маалымат басылып чыккан.

Индекстин маалыматына караганда Жапония өлкөсүнүн жарандары эң алдынкы сапта болуп 190 өлкөлөгө визасыз кире алышат.  Бул индекстин баалоосу боюнча  рекорддук көрсөткүч болуп саналат. Үч ай мурун, Япония Сингапур менен биринчи орунду бөлүшүп келсе, Жапонияга Мьянма өлкөсүнө визасыз кирүүгө тыюу салынгандыктан Сингапурду экинчи орунга калтырды. Ал эми дайыма биринчиликти бербей келаткан Германия үчүнчү орунга (188 өлкө) чыкты. Ушундай эле көрүнүш Түштүк Корея, Францияга да тиешелүү. Төртүнчү орунда Дания, Италия, Испания, Ирландия, Испания мамлекеттери ээлешкен.

 

 

http://ca-news.org/news:1474434