CA-NEWS (UZ)- Кыргызстан Өзбекстанга март айынан декабрь айына чейин электр энергиясын экспорттоо боюнча келишимге кол койду. Бул жөнүндө “Улуттук Энергетикалык Холдинг Компаниясы” ачык акционердик коомунун төрагасы Айбек Калиев Бишкек шаарында өткөн басма сөз жыйынында маалымдады.

Анын айтканына караганда, Кыргызстан 55 млн.кВт.с көлөмүндө электр энергиясын экспорттогону жатат жана анын экспорттук баасы 1 кВт.с үчүн 2,4 центти түзөт. Ошентип жалпы баасы 13 млн 200 миң АКШ долларын түзөт.

Мурдатан белгилүү болгондой Кыргызстан Өзбекстанды 1 кВт.с. үчүн 2 центтик электр энергиясы менен камсыздап келген,ал эми бул келишимдеги жалпы электр энергиясынын көлөмү 1,25 млрд. кВт.с жана баасы 25млн. доллар болгон.

 Учурдагы келишим Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосунда бул жылы түзүлгөн экинчи келишим.