Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедов Сооронбай Шарипович Жээнбековго Кыргыз Республикасынын президентти болуп шайлангандыгына байланыштуу чын жүрөктөн чыккан куттуктоосун жолдоду.

Бул жөнүндө мамлекет башчысынын басма сөз кызматы билдирди.

Эл башчысы өз куттуктоосунда Түкмөнстандын Кыргыз Республикасы менен болгон тең укуктуулук принциптерине, ошондой эле, эки тараптуу сый-урмат жана ишенимге негизделген өз ара пайдалуу мамилелерин жогору бааларын билдирип, боордош өлкөлөрдүн ортосунда түзүлгөн бийик деңгээлдеги өз ара түшүнүү жана кызматташтыктын эки тараптуу түркмөн-кыргыз байланыштарын мындан ары бекемдөө жана өнүктүрүүдө элдердин жыргалчылыгы үчүн бекем база катары кызмат кыларына ишенерин баса белгилеген.

 

Учурдан пайдаланып, Түркмөнстан президенти Сооронбай Шарипович Жээнбековго бекем ден-соолук, бакубаттык жана боордош Кыргыз Республикасынын калкынын тынчтык жана өнүгүп-өсүү жолундагы мамлекеттик жогорку кызматында албан ийгиликтерди  каалады.