02.11. 2018.

Бишкек

            Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) эки бөлүктөн турган түндүк – түштүк жолунун курулушу үчүн $ 78 миллион бөлүп берген. Бул жөнүндө Азия өнүктүрүү банкынын басма сөз кызматы билдирди.

            Жаңы долбоор, Кыргызстандагы аймактык байланыштарды, мобилдүүлүк жана экономикалык абалды жакшыртуу үчүн АӨБ тарабынан колдоого алынган учурдагы каржылоону толуктамакчы.

            Кошумча жардам катары $ 68,5 млн насыя түрүндө жана $ 9,5 млн грант  бөлүнгөн. Каражат Бишкек – Балыкчы - Нарын - Торугарт жана Кочкор - Эпкин жолуна, жалпы узундугу 68 км болгон аймактарды жакшыртуу үчүн багытталган.

2016-жылы АӨБ тарабындан Кыргызстанга түндүк – түштүк жолун куруу үчүн $ 114,35 млн өлчөмүндө грант жана насыя бекитилген.

1996-жылдан тартып, АӨБ Кыргызстанда 658 миллион долларлык 11 жол долбоорун жана 5 техникалык долбоорлорду каржылаган.

https://24.kg/ekonomika/100482_abr_vyidelil_78_millionov_nastroitelstvo_dvuh_uchastkov_dorogi_sever_yug/