"Борбор Азиянын Бир алкак-бир жол долбоорунан кандайдыр бир пайда алуусу аябай маанилүү жана Европа менен Азия ортосунда бир гана товар алмашуу коридору болбошу керек"-деди Европа тышкы иштер кызматынын Борбор Азия бөлүмүнүн башчысы Борис Ярошевич.

Анын айтымында, 2017-жылы Биримдик, Борбор Азия менен кызматташуунун стратегиясын жаңылоо боюнча чечим кабыл алды. Ал 2019-жылы кабыл алынмакчы жана азыркы чындыкка туура келе тургандай болот. Мындан тышкары, бир ай мурун, Евро Биримдик менен Азиянын ортосунда биргелешип иштөө стратегиясы жарыяланды.

Борис Ярошевич: "Борбор Азия бир гана жүк алмашуу үчүн коридор болбой,ошол эле мезгилде кошумча нарк кошуусу керек. Кызматтар тууралуу да унутулбашы керек. Мындан тышкары, байланыш Чыгыш - Батыш жана Түндүк - Түштүк гана эмес, Ооганстан аркылуу деңизге чыгуу мүмкүндүгүн да алуу болуп саналат. Борбор Азияга болгон кызыгуу Ооганстандагы чыр-чатак жана тынчтык сүйлөшүүлөрүндө Борбор Азиянын ролу менен тыгыз байланышта” - деп билдирди

Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташуу боюнча Биримдиктин жаңы стратегиясында, аймактык маселелер жана региондогу байланышты күчөтүү жана кызматташуунун өнүгүшүнө басым жасалды.

"Беш жыл мурун Борбор Азия проблемалардын булагы катары каралган болсо, азыр татаал суроолорго жооптор табылгандыгы, жана суу ресурстары тармагында кызматташууга келгенде, дүйнөнүн башка аймактарына үлгү болууда” - деп сөзүн жыйынтыктады ал.

https://24.kg/vlast/101646_tsanedoljna_byit_tolko_koridorom_poobmenu_tovarov_nashelkovom_puti/