Кыргызстанда алтынга болгон жылдык муктаждык 5 тоннаны түзөт. Бул тууралуу өткөн басма сөз жыйынында Экономика министрлигинин салык саясаты бөлүмүнүн башчысы Кубан Айдаралиев билдирди.

Анын айтымында, Улуттук банк жыл сайын 2,5 тонна жана  2,5 тонна зергер буюмдарды  сатып алат.

"Өзүнүн алтын запасы болуп туруп, Кыргызстан таза алтынды сырттан импорттоого мажбур болууда. Биздин зергерлер импорт үчүн салык төлөп жатышат, бул да өнөр жайды өнүктүрүүгө тоскоолдук жаратат. Ошондуктан, ички алтын запасын камсыздоо үчүн алтын рудасынын экспорттоону токтотуу керек ", - деди Кубан Айдаралиев.

Ошол себептен, өкмөт салык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизип, алтын рудаларын жана концентраттардын экспорттоодо  салык ченин 3 пайызга жогорулатууну көздөөдө.

Кыргыз Республикасынын Экономика министрлигинин маалыматы боюнча, өлкөдө жыл сайын 20 тонна алтын казылып алынат.

https://24.kg/ekonomika/102095_godovaya_potrebnost_kyirgyizstana_vzolote_sostavlyaet_5tonn_/