26.11.18.

Centerra Gold Inc. ("Центерра") жана "Кумтөр" компаниясы 2018-жылдын үчүнчү чейрегиндеги ишинин жыйынтыгын чыгарды. Бул жөнүндө компаниянын коомчулук менен байланышуу  бөлүмү билдирди.

Компания тогуз ай ичинде 306 миң 467 унций же  9 тонна 532.2 килограмм алтын өндүргөн. Жылдын башынан бери 5,66 миллиард сомдон ашуун суммада салыктарды жана милдеттүү төлөмдөрдү төлөгөн.

Продукциянын өндүрүлүшү жана сатылышы

 Кумтөрдө 2018-жылдын үчүнчү чейрегинде өндүрүлгөн алтындын көлөмү 122 мин 445 унций же 3,81 тоннаны түзгөн. 2017-жылы болсо 138 миң 561 унций же 4.31 тоннага барабар болгон.

2018-жылдын үчүнчү чейрегинде 119 мин 521 унций же 3,72 тонна алтын сатылган. Чейрек ичинде жалпы киреше $ 142,8 млн түзгөн.

https://24.kg/ekonomika/101235_bolee95_tonnyi_zolota_proizveli_nakumtore_snachala_2018_goda/