14.12.18.

Үстүбүздөгү жылы Кыргызстанда 32 өнөр-жай ишканалары өндүрүшүн кайрадан жандантты. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинен билдиришти.

Маалыматка караганда, бул жылы 11 жаңы ишкана ишке киргизилип 550 жумушчу орундар түзүлгөн.

Январь-сентябрь айларында, өнөр-жай субъекттеринин продукция өндүрүү суммасы 167 миллиард 981,6 миллион сомду түздү. Ал эми «Кумтөр» кен казуу ишканасын эсепке албаганда, өндүрүштүн көлөмү — 107 миллиард 627,6 миллион сомду түздү.

https://24.kg/kyrgyzcha/103950_kyirgyizstanda_32onor-jay_ishkanalaryi_ondurushun_kayradan_jandanttyi/