20.12.18

2018-жылдын 20-декабрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаттары, үчүнчү окууда,  Кыргызстан жана Түркия өкмөттөрүнүн ортосундагы социалдык камсыздоо боюнча келишимди ратификациялоого макулдугун беришти.

Келишимге 2018-жылдын 9-апрелинде Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбековдун Туркияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө кол коюлган болучу.

Келишимге ылайык мисалы, Кыргыз Республикасынын жараны Түркия Республикасында бир нече жылдар бою эмгектенсе, кийин пенсия курагына жеткенде, ал адам Туркиядан пенсия алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Түркия ал жарандын пенсиясын Кыргызстанга которот. Мындан тышкары ошол эле жаран Кыргызстанда иштеген мөөнөтүнө жана иш стажына жараша да Кыргызстандан да пенсия алууга укуктуу болот.

https://24.kg/vlast/104582_sotsialnyie_otchisleniya_migrantov_izturtsii_budut_perechislyat_vkyirgyizstan/