11.01.19

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигине караштуу Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги координаторлугу, Кыргызстандын бир нече региондорунда кыргыз аялдарынын иш менен камсыз кылууга багытталган иш чараларын улантат.

2016-2018-жылдар аралыгында, Кыргызстан аялдар конгресси менен кызматашуунун негизинде TİKA уюму компьютерди өздөштүрүү, тигүү бычуу, ишкердикти ачуу тууралуу курстарды ачып окутууга жардам берген. Мындан тышкары бул курстарда жакшы окугандарга жеке ишкердик ишин баштоосуна баштоосуна жардам берген.

TİKA уюмунун официалдуу сайтында жарыяланган маалыматка ылайык, Кыргызстандагы ишкер аялдар үчүн уюм тарабынан жумуртка фермасына, кийимдердин жаңы моделдерин иштеп чыгуучулар жана  “TOOLAI Fashion Wear” кийим тигүүчү цехине техникалык жардам көргөзгөн.

Ошондой эле айрыкча TİKA уюму, жалгыз бутуна турууну көздөгөн аялдарга өзгөчө көңүл бурган. Кыргызстандагы салттуу камырдан даярдалган боорсок, самсы сыяктуу тамактарды жасаган кичине дүкөндү кеңейтип, аутизм менен ооруган балдарды ал жерде иш менен камсыз болушуна  көмөктөшкөн.

http://kabar.kg/tur/news/ti-kadan-k-rg-z-kad-n-giri-imcilere-destek/