2018-жылы Кыргызстан Россиядан- 411 миң тонна, Казакстандан-73 миң тонна мунай затын импорттогон. 

Ал эми, күйүүчү майдын баасы 2018-жылдын жыйынтыгы боюнча 10,7% пайызга жогорулаган. Бул тууралуу бүгүн, 16-январда, Бишкек шаарында өткөн басма сөз жыйынында Улуттук статистика комитетинин, соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы  Малика Абдукадирова  билдирди.

Анын айтымында, дизелдик күйүүчү майга 18,5% пайызга, бензин болсо 9,5% пайызга өскөн. Жыл ичинде бензин жана дизелдик күйүүчү майдын баасы туруктуу өсүп турган. Бензиндин баасынын төмөндөшү 2018-жылдын августунда, дизелдик күйүүчү майдыкы болсо 2018-жылдын декабрь айында  болгон.

Соода статистикасы бөлүмүнүн башчысы Венера Мамбеталиванын айтымында, негизи мунай заты Кыргызстанга Россия жана Казакстандан импорттолот. 2018-жылдын 11 ай ичинде Казакстандан $ 29 млн, Россиядан $ 241 миллион долларга мунай заттары импорттолгон.  Пайыздык көрсөткүч боюнча Россиянын үлүшү 37,9% пайыз, Казакстандыкы - 8,4% пайызды түзөт. 2017-жылга салыштырмалуу күйүүчү май импорту Россияда 8% пайызга , Казакстанда 2% пайызга төмөндөгөндүгүн  билдирди.

http://www.for.kg/news-538796-ru.html