23.01.19.

Кыргызстанда инвестицияны  кеңейтүү жана коргоо агентигинин президенти Адильбек уулу Шумкарбек басма сөз кызматына берген маегинде: “Бизге жаңы технология жана инновация алып келе турган, экспорт үчүн жаңы рынок таба турган компаниялар керек” – деп билдирди.

 Пресс-конференция учурунда ал өзү башкарган агентиктин милдеттери жана ишмердиктери тууралуу маалымат берип өттү.

Ал Орто Азия чөлкөмүндөгү инвестиция тартуу боюнча күчтүү атаандаштык шартына карабастан, Кыргызстан  жаңы инвесторлорду тартууну улантат деп белгиледи. Адильбек уулу Шумкарбектин айтымында, кайра иштетүү өндүрүшү, информациялык технология, текстиль өндүрүшү жана айыл чарба өзгөчө инвестицияга муктаж тармактар болуп эсептелет.

Түрк компанияларынын   Кыргызстанга болгон кызыгуусу.

Адильбек уулу Шумкарбектин түрк компанияларына ар дайым эшик ачык экенин айтып келип: “Кыргызстан эгемендүүлүк алганда эң алгач инвестиция алып келген түрк иш адамдары болду. Түрк туугандарыбыздын инвестиция жасоо тажыйырбалары жогору, бүгүнкү күндө дагы түрк фирмалары инвестиция салууну көздөп турушат” – деп  билдирди.  

Адильбек уулу Шумкарбек түрк компаниялары, жер алдындагы жаратылыш байлыктарына өзгөчө кызыгуулары бар экенин. Бул тармака түркиялык ишкерлер акча каражатын салып башташкандыгын айтып өттү.

http://kabar.kg/tur/news/turk-irketlerinin-k-rg-zistana-ilgisi/