23.01.19.

Түркия тарап Кыргызстандын 7 облусунда пилоттук кайра иштетүү ишканаларын курууга  даяр экендигин билдирди.

Бул тууралуу 23-январь күнү  Кыргыз Республикасынын айыл чарба министринин орун басары  Эркин Чодуевдин түрк ишкерлери менен жолугушуу учурунда  маалым болду.

Айыл чарба министринин орун басары  Кыргыз Республикасынын калкынын 65% пайызы айыл жеринде жашаарын, мал-чарбачылыгы тармагындагы өсүш 2018-жылы  3% пайыз, ал эми айыл чарбасында 5% пайызды түзгөндүгүн айттып өттү. Анын билдиришинче, 2018-жылы болжол менен 50 компания ачылып,  900 жумуш орундары түзүлгөн.

Туркия тарабынан келген «Зираат Тарым Маркет» Акционердик коомунун башчысы   Мухаммет Өздемир Түркиядагы айыл чарбанын иштөө системасы тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында дыйкандар, айыл чарба банкы тарабынан берилген кредитке техникалык жабдууларды сатып алат. Бул системада чыгымдардын төрттөн бир бөлүгү дыйкан тарабынан, калганы мамлекет тарабынан төлөнүп берилет. Жаңы мыйзамга ылайык, түрк өкмөтү дыйкандарга 70% пайыз колдоо көрсөтөт.

Ал эми минстирдин орун басары "Азыркы учурда Кыргызстан 500 миң тонна чийки зат, анын ичинде буурчак, картошка жана башка айыл чарба продуктуларын  экспорттойт", - деп билдирди.

Түрк ишкерлеринин айтуусунда, айыл чарба тармагын этап менен өнүктүрүү зарыл. Айыл чарбаны  өнүктүрүүгө мүмкүн болгон шарттар төмөндөгүдөй:

 -  Дыйкандар үчүн пайыздык ченди азайтуу;

 -  Мал чарбасынын өнүгүүсүндө технологиялар менен камсыз болуу;

 -  Натыйжалуу сугат үчүн технологияларды колдонуу болуп саналат.

http://www.tazabek.kg/news:1491771