29.01.19.

Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүү 2018-жылы $ 481 млн түзгөн.  Бул тууралуу бүгүн, 29-март, күнү  болуп өткөн жыйында Өзбекстандын элчиси Комил Рашидов билдирди.

Анын айтымында, 2018-жылы эки өлкө ортосундагы соода жүгүртүү 2017-жылга салыштырмалуу 189,6% пайызга көбөйгөн.

Экспорт $ 348,2 млн. түзгөн, импорттун үлүшү - $ 132.8 млн. долларга жеткен.  Өзбекстандын жалпы тышкы экономикалык карым-катышынын 1,4% пайызын түзгөнүн элчи мырза билдирди.

Элчи: “Кыргызстан  Өзбекстандын  экспорттоо тизмеси боюнча 6-орунда турат, ал эми импорт боюнча  20-орунда турат. Бул эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн $ 500 млн. долларга чейин көбөйтүү пландалууда ", - деп белгилеп өттү.

Соода жүгүртүү Кыргызстан жана Өзбекстан:
2014 -  $225,9 млн: $164,1 млн (экспорт) / $61,8 млн (импорт),
2015 – $136 млн: $99,9 млн (экспорт) / $36,1 млн (импорт),
2016 – $167,4 млн: $ 121 млн (экспорт) / $46 млн (импорт),
2017 – $253,7 млн: $ 178,3 млн (экспорт) / $75,4 млн (импорт),
2018 – $481 млн: $ 348,2 млн (экспорт)/ 132,8 млн (импорт).

http://www.tazabek.kg/news:1492749