02.02.19.

Түркия менен Кыргызстандын ортосундагы соода жүгүртүү эки тараптуу кызматташтыктын потенциалына туура келбейт.

Бул тууралуу Экономика министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын экономика министри Олег Панкратов Түркиянын Тышкы экономикалык байланыштар боюнча комитетинин президенти  Наил Олпак менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Түркия тарапка Кыргызстандын инвестициялык потенциалы,  инвесторлорго түзүлгөн атайын мүмкүнчүлүктөр жана Кыргызстандагы  эркин экономикалык зоналар анын ичинде “Нарын" ЭЭАнын иши тууралуу айтып берди.

Тараптар кызматташтыкты бекемдөө мүмкүнчүлүктөрүн карап чыгуу менен бирге эки тараптуу сооданы өнүктүрүү, соода жана инвестицияда  болгон тоскоолдуктарды жоюну талкуулашты.  2018-жылдын сентябрында эки өлкөнүн президенттери соода көлөмүн 1 млрд $ долларга чейин көбөйтүүнү пландашкан болучу. Мындан тышкары, түрк тарапка энергетика, транспорт, спорт жана "Манас" эл аралык аба майданын реконструкциялоо жана модернизациялоо проектилери сунушталды.

Түркия экспортчулар бирикмеси өлкөдөгү ири уюмдардын бири болуп саналат. Бирикме чет өлкөлөр менен тышкы соода жүгүртүүнүн көлөмүн көбөйтүү, чет өлкөлүк рынокторго түрк товарларын чыгаруу, бизнес кызыкчылыктарды колдоо  менен алектенет. 61 тармактык  бирикмеден жана аймактык экспортчулардан турат.

https://24.kg/ekonomika/108038_tovarooborot_mejdu_turtsiey_ikyirgyizstanom_nesootvetstvuet_svoemu_potentsialu/