11.02.19.

Кыргызстандын Алматыдагы консулу жана мурунку Эмгек, миграция жана жаштар министри Алиясбек Алымкулов Түркияга кетип жаткан кыргыз жумушчуларынын кыйла көбөйгөндүгүн билдирди.

Алымкулов Түркияга кеткен жумушчу санынын көбөйүп жатканын эске салуу менен бирге “Кыргыз жумушчулары эң көп Россия, Казахстан жана Туркияга кетүүдө. Чет өлкөгө кеткен кыргыз жарандарынын көбү биринчи кезекте Россияны тандашат. Акыркы 3-5 жылда Казахстан менен Түркияны тандаган жумушчулардын саны бирдей деңгээлге жетти”,- деди. Алымкулов кыргыз жарандары Түркияны экономика, туризм, саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы тажрыйбасы жана жетишкендиктеринен улам тандап жатышканын айта кетти.

Кыргызстан менен Түркияны жалпы дини, тили, маданияты жана тарыхы байланыштырып турат: “Кыргызстан Түркиянын инвестицияларына муктаж. Түркиядан жаңы технологияларды алып келишибиз зарыл. Ошондой эле адистерибизди тажрыйбаларын жогорулатуу үчүн жиберишибиз керек. Түркиянын туризм, саламаттыкты сактоо жана билим берүү жаатындагы тажрыйба жана жетишкендиктерин үлгү алышыбыз керек”,- деди Алымкулов. Алымкулов Түркияда билим алып жаткан жаштардын өлкөнүн экономикасына салым кошуп жаткандыгын белгилөө менен бирге: “Түркияда билим алган жарандарыбыз өлкөбүзгө кайтып ийгиликтүү иштерди жасап жатышат. Алардын арасында күчтүү ишкерлер да чыгып жатат. Түркияга билим алууга кеткен жаштарыбызды колдойбуз”- деп белгилеп өттү.

Кыргыз өкмөтүнүн маалыматына караганда калкынын саны 6 миллион 200 миң  болгон өлкөнүн 700 миңден ашуун жараны чет жерлерде эмгектенип жатышат. Россияда 663 миң, Казахстан жана Түркияда 30 миңден, Түштүк Кореяда 14 миң, Жакынкы Чыгыш, Азия жана Европа өлкөлөрүндө жана АКШда 20 миңден ашуун кыргыз жарандары эмгектенип жатышат.

http://kabar.kg/tur/news/turkiyeyi-tercih-eden-k-rg-z-i-ci-say-s-nda-art/