12.02.19.

Кыргызстандын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги менен Өзбекстандын Айыл чарба министрлиги 2019-жылга карата Кызматташуу программасына кол коюу боюнча келишимге келишти.

Бул жөнүндө Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашевдин Өзбекстанга жасаган иш сапарынын жыйынтыгында Кыргызстандын Ташкенттеги элчилигинин басма сөз кызматы  билдирди.

2019-жылдын 12-февралында Кыргызстан жана Өзбекстан элчиликтеринин жардамы  менен Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Нурбек Мурашев менен Өзбекстандын Айыл чарба министри Жамшид Ходжаев, Өзбекстандын Инвестиция жана тышкы соода министринин биринчи орун басары Санатулла Бекенов, «Узкимёсаноат» акционердик коомунун төрагасы Бахтияр Бабакулов арасында жолугушуу болуп өттү.

Жолугушууга Кыргызстандын Өзбекстандагы элчиси Ибрагим Жунусов да катышты.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө, тараптар Кыргызстандан Өзбекстанга картошканы экспортоо, Өзбекстандан болсо, Кыргызстанга жер семирткич, пахта жана буудай үрөндөрүн алып келүү, эки тараптуу соода-сатык тоскоолдуктарын жана ошондой  эле, эки жактуу кызматташуунун актуалдуу маселелерин талкуулашты. 

 

https://uz.sputniknews.ru/economy/20190213/10800415/Kyrgyzstan-nameren-postavlyat-v-Uzbekistan-kartofel-i-govyadinu.html