26.02.19.

Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин  "Айыл чарбасын каржылоо - 7" долбоорун ишке ашыруу үчүн 5,3 миллиард сомго банктар менен келишим түздү. Бул кабар каржы минстирлиги тарабынан жарыяланды.

Берилген маалыматка ылайык, долбоорду ишке ашыруу үчүн тогуз банк менен келишим түзүлдү. Насыялар айыл чарба өсүмдүктөрүн, мал өстүрүү үчүн жана айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү жана өнүктүрүү үчүн берилмекчи.  

Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнө айыл чарба азыктарын кайра иштетүү үчүн жылдык 6% пайыздык чен менен насыялар берилет. Ал эми интенсивдүү токой жана багбанчылык менен алектенген субъектилерге жана парник өстүрүү жана тамчылатып сугарууну ишке ашыруу үчүн  же жаныбарларды сатып же жасалма жол менен уруктандыруучу жабдууларды сатып алуу үчүн 8% пайыз.  Мал чарбачылыгы жана өсүмдүк өстүрүүчүлүк үчүн насыялар жылына 10% пайыздан болот.

https://24.kg/ekonomika/110060_tsifra_dnya_fermeram_v2019_godu_vyidelyat_53_milliarda_somov_lgotnyih_kreditov/