26.02.19.

Бул тууралуу Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фондунун долбоордук  блогунун аткаруучу директору  Андрей Широков  президент Сооронбай Жээнбеков  менен болгон жолугушууда: "Кыргызстан менен Евразия өнүктүрүү банкынын кызматташуусу позитивдүү тажрыйба экенин белгилей кетүү керек.

Бүгүн да, биз  жемиштүү кызматташууга пландарды  белгилөөдө максатыбызга жетебиз деп ишенем", - деп билдирди, Кыргыз Республикасынын президенти  Сооронбай Жээнбеков болгон жолугушууда.

Андрей Широков фонд айыл чарбасы, транспорт жана энергетика долбоорлорун  ишке ашыруу боюнча Кыргызстанда бир нече жылдан бери  иштеп жатканын билдирди.

Ошондой эле анын айтымында, Евразия стабилдештирүү жана өнүктүрүү фонду тарабынан каржыланган долбоорлор өлкөнүн улуттук приоритеттүү долбоорлор тизмесине киргизилген. Жакында проект саламаттык сактоо тармагын каржылай баштайт. Ал долбоор мобилдүү оорукана деп аталмакчы.

Мындан тышкары, Сооронбай Жээнбеков жана Андрей Широков   "Таза-Суу" долбоорун ишке ашыруу жана финансылык, инвестициялык кредиттер жана гранттар  боюнча пикир алмашышты.

https://24.kg/ekonomika/110289_efsr_finansiruet_vkyirgyizstane_proektyi_na500_millionov/