Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев бүгүн, 7-ноябрда, тарых жана ата-бабабаларды эскерүү күнүнө карата Бишкек шаарындагы “Элдердин достугу” монументинин айланасына  кыргыз-орус элинин достугуна арналган гүл бакча ачты.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын президенттик аппаратынын саясий маалыматтык бөлүмү билдирди.

Кыргыз-орус элинин достугу гүл бакчасы  Кыргызстандын Россиянын курамына киришинин 100 жылдыгына карата 1974-жылы курулган “Элдердин достугу” монументинин айланасында курулду. Эки өлкөнүн элинин бекем достугун символдогон гүл бакча жана монумент Ала-Тоо борбордук аянтына жакын жайгашкан.

Буга чейин мамлекет башчысы гүл бакчанын курулушуна жана монументти көрктөндүрүү үчүн президенттик социалдык коргоо жана колдоо фондунан 3 млн 111 миң сом акча каражатын бөлүп берген.