18.03.19

Бишкек.

Кыргызстандын  премьер-министринин биринчи орун басары  Кубатбек Боронов, биринчи Борбор Азия  экономикалык форуму учурунда,  Орто Азия өлкөлөрү арасында Алматы - Бишкек экономикалык коридору мисалында инвестиция жасоону сунуш кылды. 

 Айрыкча, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстан ортосунда Фергана өрөөнүндө экономикалык коридор түзүү мүмкүнчүлүгү  каралып жатат деп билдирди.

Бул кадам, соода жүгүртүүнүн көбөйүшүнө жана туристтердин санын өсүшүнө түрткү болот деп белгилеген  Кубатбек Боронов: "Борбор Азия өлкөлөрүндө транзиттик дараметин жогорулатуу үчүн, эл аралык транспорттук коридор эсептелген,  Россия - Казакстан - Кыргызстан - Тажикстан демилгесин колдоону сунуш кылабыз"- деди.

Ошондой эле, Кыргыз делегация башчысы, Бишкек-Шымкент-Ташкент-Хожент-Андижан-Жалал-Абад темир жолунун жаңылануусу керектигин баса белгиледи.Төрт өлкөнүн аймагынан  өткөн бул жол өлкөнүн жарандарына гана эмес, чет өлкөлүк туристтерге да саякаттоого мүмкүнчүлүк түзөмчү.

http://kabar.kg/tur/news/k-rg-zistan-fergana-vadisinde-bir-ekonomik-koridorun-ac-lmas-n-onerdi/