Кыргыз Республикасынын Түркиядагы ардактуу консулу Мустафа Курт жетектеген түрк бизнесмендеринен турган делегация,  Ысык-Көл облусунун жетекчилиги менен жолугушту.

Жолугушууга региондогу өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү, Ысык-Көл районунун акиминин, Каракол шаарынын мэри катышышты. Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө тараптар, Ысык-Көл облусуна ишкерлер үчүн эксперттик колдоо көрсөтүү, региондо туризм тармагын өнүктүрүү маселелери талкууга алышты.

Туркия делегациясын баштап келген Мустафа Курт мырза, Ысык-Көл облусунун дыйкандары өстүргөн экологиялык таза азык-түлүктөрдү сатып алууга түрк тарап даяр экендигин айтты. Ал: "Биз туризм тармагында, аймактагы ишкерлер менен кызматташуу ниетиндебиз. Атап айтканда, негизги максатыбыз, бүгүнкү күндүн талаптарына шайкеш келген эл аралык стандарттарга жооп берген жогорку сапаттагы, сүрөт тартуу жана башка электрондук жабдууларды жеткирүү. Бул жабдуулар, Ысык-Көл облусунун үчүн зарыл болуп эсептелет.  Себеби, Ыссык-Көлдө туризм замандан артта калбастан, жакшы өнүгүп келе жатат. Биз бул багытта менен кызматташууга даярбыз ", - деп белгилеп өттү.

Мындан тышкары, тараптар Түркияга  Ысык-Көл облусунун экологиялык таза азык-түлүк продуктылар экспортто боюнча маселелери талкуулашты.

http://ik.turmush.kg/ru/news:1500942/