26.03.19.

Щвейцариялык компания Henley & Partners 2019-жылдын биринчи кварталындагы эң “мобилдүү” паспортко ээ болгон өлкөлөрдүн рейтингин чыгарды.

Кыргызстандын жарандары визасыз 64 өлкөгө бара алышат, Казакстандын жарандары 76 өлкөгө, Тажикстан менен Өзбекстандын жарандары 58 өлкөгө, ал эми Түркмөнстандын жарандары 76 өлкөгө бара алышат. Кыргызстан бул тизмеде Африка өлкөсү Уганда менен бирге 76-орунда турат. Казакстан 65-орунду ээледи. Тажикстан менен Өзбекстан 81-орунда жана Түркмөнстан 86-орунда турат. Тизмеде биринчи орунду Япония ээледи. Бул өлкөнүн жарандары визасыз 190 өлкөгө бара алышат. Экинчи орунду жарандарынын визасыз 189 өлкөгө бара ала турган Сингапур жана Түштүк Корея алды. Үчүнчү орунда 188 өлкө менен Франция жана Германия ээледи.

 Тизменин кийинки орундарында Дания, Финляндия, Швеция жана Италия (187), Люксембург жана Испания (186), Австрия, Голландия, Швейцария жана Португалия (185) өлкөлөрү жайгашты. Бул өлкөлөрдөн кийин Австралия, Исландия жана Жаңы Зеландия орун алды. Бул мамлекеттердин жарандары 181 өлкөгө визасыз бара алышат. Эң акыркы орунда Ирак жана Афганистан турат. Бул өлкөлөрдүн жарандары визасыз 30 өлкөгө бара алышат.

https://ca-news.org/news:1536918