27.03.19.

Кыргызстан жана Россия арасында эки тараптуу соода өсүп жатат, анын көлөмү $ 2 млрд. долларга жетиши мүмкүн.

Бул тууралуу бүгүн, 27-мартта, өкмөт башчысынын орун басары Замирбек Аскаров  8- региондор аралык  жыйында билдирди.

Анын айтымында, Кыргыз Республикасынын Евроазиялык экономикалык бирдигине (ЕАЭС)  кошулуп жаткан кыйын мезгилде Россия колдоо катары 200 миң доллар бөлгөн болчу, Россия кыргыз-орус өнүктүрүү фонду түзүү үчүн дагы  $ 500 млн доллар бөлгөн эле.

Учурда 310 миллион долларды түзгөн 1 662 долбоор бекитилген, деп кошумчалады.

Замирбек Аскаров: "Биз  алымсыз мунай заттарын берүүлөрүн абдан баалайбыз, Кыргызстандын күйүүчү май рыногуна да оң таасирин тийгизет, - деп билдирди ал. Ички дүң өндүрүм 2018-жылга  пландалган  2,8% пайыздын ордуна,  3,5% пайызга өскөн. Товар жүгүртүү 6,7 миллиард долларды түзгөн. 246 жаңы иш-каналар ачылды, ишкерлерге даректүү колдоо жүргүзүлдү, натыйжада 71 миң жаңы жумуш орундары ачылды жана улуттук акча курсу стабилдүү сакталган” -  деп билдирди.

http://www.tazabek.kg/news:1537015?from=portal&place=last&b=7