28.03.19.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин иш сапарынын жыйынтыгында, Кыргызстандын жана Орусиянын президенттери биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошондой эле, бир катар эки тараптуу документтерге да кол коюлду.

Алардын арасында 2 протокол, 2 жол картасы, 6 меморандум жана 7 келишим бар.

20-сентябрь 2012 жылындагы Орусиянын аскердик базасынын абалы жана шарттары боюнча келишимге өзгөртүү киргизүү боюнча протокол. Экинчи протокол, 6-июнь 2016-жылдагы мунай жана мунай заттарынын экспорту тармагында кызматташуу боюнча келишимге өзгөртүүлөрдү киргизүүнү жөнгө салат.

Эки жол картасынын бири Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети жана  «Газпром» Ачык акционердик коому тарабынан  мунай жана газ өнөр-жайына инвестиция жасоо боюнча.

Экинчи карта 2019-2021-жылдары Кыргызстан жана Евразия өнүктүрүү банкы ортосундагы кызматташууга менен байланыштуу.

Меморандумдар:

  • КРнын Экономика министрлиги жана РФнын Экономикалык өнүгүү министрлиги ортосундагы соода-экономикалык кызматташуу жана улуттук долбоорду ишке ашыруу боюнча тажрыйба алмашуу боюнча;
  • КРнын Транспорт жана жол министрлиги, “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасы менен РФнын Транспорт министрлиги, “Россия темир жолдору” ААК ортосунда КРнын аймагында темир жол тармактарын өнүктүрүү долбоорлорунда кызматташуу боюнча;
  • КРнын Билим берүү министрлиги жана РФнын Билим берүү министрлиги ортосунда кызматташуу боюнча;
  • Жаштар иштери, дене тарбия жана спортбоюнча мамлекеттик агенттиги жана РФнын Спорт министрлиги ортосунда  дене тарбия жана спорт тармагында кызматташуу боюнча;
  • «Астра Солар» ЖЧК, «Хэвел» ЖЧКсы жана ВЭБ ортосунда продукт экспорту боюнча;
  • КР президентине караштуу Мамлекеттик башкаруу академиясы жана РФ президентине караштуу Улуттук экономика жана мамлекеттик башкаруу академиясы ортосунда кызматташуу боюнча.

Келишимдер:

  • Өкмөттөр ортосунда аскердик чабарман почта байланышы тармагында кызматташуу;
  • Кыргызпатент жана Россиянын Интеллектуалдык менчик боюнча федералдык кызматы ортосунда PatSearch паттентик маалыматтык-издөө системасына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүү боюнча;
  • Керектөөчүлөрдүн укугун коргогон Саламаттыкты сактоо министрлиги жана Россия агенттиги эл аралык саламаттыкты сактоо жоболорун ишке ашыруу боюнча кызматташуу;
  • КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттиккомиссиясы жана РФнын Улуттардын иштери боюнча федералдык агенттиги ортосунда кызматташуу боюнча;
  • ВТБ банкы,  «Группа Альянс» АК жана «Альянс Алтын»; ЖЧКсы ортосунда кызматташуу боюнча;
  • Россия-Кыргызстан өнүктүрүү фонду жана Россиянын Тике инвестиция фонду ортосунда кызматташуу;
  • КРнын Жогорку окуу жайлары бирикмеси жана Россинын Ректорлор кеңеши ортосунда кызматташуу.

    https://www.kp.kg/daily/26959.4/4013211/