11.04.19.

2018-жылы  республикалык бюджетке туризмден түшкөн  салык төлөмдөрү 107 млн 54,9 миң сомду түзгөн.

Бул тууралуу  өкмөт башчысынын орун басары Алтынай Өмүрбекова туризмди өнүктүрүү боюнча  мекемелер аралык комиссиянын жыйынында билдирди. Анын айтымында, өткөн жылы туризм тармагынын ИДП дагы үлүшү 4.99 пайызды түзгөн. Жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн  Кыргызстанга 6 млн 946.5 миң адам келген. Азыркы учурда туризмди негизги бюджет түзүүчү тармактарынын бирине айландыруу өкмөттүн алдында турган негизги тапшырма экенин Алтынай Өмүрбекова   белгиледи.

Министринин орун басары бүгүнкү күндө маанилүү тапшырмалардын бири инфраструктураны жакшыртуу экенин билдирди. Ал үчүн трассалардын боюнда санитардык-эпидемиологиялык  сапаттык стандарттарга жооп берген кафе, кемпинг  жана мейманканалардын  ордун алдын ала караштыруу керек.

Алтынай Өмүрбекова:"Туристтик бизнести кантип кирешелүү кылуу, республикага чет өлкөлүк туристтерди  кантип тартуу керек деген  суроо  биздин ишибизде артыкчылыктуу багыттардын бири болууга тийиш. Аба транспорту менен саякаттоону туристер көбүрөөк тандаша тургандыгы экени белгилүү. Демек, аба каттамдар тармагын жана заманбап аба каттамдарын өнүктүрүү зарыл. Ошондой эле, туризм тармагы учурдагы экологиялык талаптарды эске алуу менен өнүгүшү керек ", - деп сөзүн аяктады.

https://24.kg/vlast/114605_v2018_godu_otturizma_vbyudjet_postupilo_107_millionov_somov_nalogov/