Мамлекет башчы 15-16-апрель күндөрү Германияга иш сапары менен барды.

Президенттин айтымында, эки өлкөнүн ортосундагы жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги саясий байланыштар бир топ активдешти. Буга 2016-жылы Ангела Меркелдин Кыргызстанга расмий сапары менен келиши өбөлгө түздү.

Сооронбай Жээнбеков белгилегендей, федералдык президент Франк-Вальтер Штайнмайер жана Бундестагдын президенти Вольфганг Шойбле менен маанилүү саясий жолугушуулар болуп, жемиштүү сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү. Ошондой эле Мюнхен шаарында Бавариянын жетекчилиги менен жолугушуп, Ханс Зайдел атындагы фонддо сөз сүйлөп, Кыргызстандын өнүгүүсү тууралуу кенен айтып бергенин кошумчалады.

“Биз эки өлкөнүн бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышкан кыргыз-герман ишкерлер форумун өткөрдүк. Экономикалык кызматташтыкты активдештирүүгө багытталган байланыштар түзүлдү. Эки өлкөнүн өкмөттөрү жана мекемелеринин ортосунда 10дон ашуун документке кол коюлду. Ишкерлердин ортосунда да бир катар келишимдер түзүлдү. Алардын жыйынтыгы 1 миллиарддан ашык еврону түзөт”, — деди Жээнбеков.

Президент белгилегендей, Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы кызматташтыктын келечектүү багыттарына — соода-экономикалык, өнөр жай тармагы, гидроэнергетика, жашыл экономиканы өнүктүрүү, айыл чарба жана туризм кирет. Кыргызстан үчүн Германиядан инвестицияларды тартуу — чакан жана орто ишкердикти өнүктүрүүгө жардам берет. “Кыргызстан бүгүн коомдук-саясий жана социалдык-экономикалык жактан жаңылануу жолунда баратат. Биздин негизги максат — экономикасы өнүккөн, парламенттик демократиялуу укуктук мамлекетти түзүү. Германия менен соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө басым жасоо менен азыркы темпти улантуу маанилүү”, — деди мамлекет башчы.

Мындан тышкары, президент кыргыз-герман парламенттер аралык кызматташууну активдештирүү маанилүү экенин белгиледи.

https://ru.sputnik.kg/economy/20190416/1043994411/germaniya-zhehehnbekov-merkel-vstrecha.html