2018-жылы Кыргызстанга келген 7 миллион туристин ичинен 3,28 миллионун Өзбекстандын жарандары түзгөн.

Бул жөнүндө Кыргызстандын Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин директору  Максат Дамир уулу Ташкенттеги Road Show алкагындагы 24-апрелде өткөн маалымат жыйынында билдирди.

Максат Дамир уулунун айтымында, Өзбекстан жарандарынын көпчүлүгү жыл сайын май айынын аягында, Ташкент-Бишкек-Балыкчы поездинин каттамы ишке кириши менен Кыргызстанга эс алуу үчүн келип башташат. Алардын дээрлик көпчүлүк пайызы Ысык-Көлдө эс алышат. Ушул жылдын 29-январында Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында, Кыргызстандагы Өзбекстандын толук ыйгарымдуу элчиси Комил Рашидов, Өзбекстанга келген жалпы туристтердин 20% пайызын Кыргызстандын жарандары болгондугун  белгилеген эле. Расмий маалыматтарга ылайык, 2018-жылы Өзбекстанга 5,3 млн турист келген.

https://ca-news.org/news:1542881