27.04.19.

Президент Сооронбай Жээнбеков:"Бир алкак – бир жол" эл аралык кызматташтыктын экинчи форумундагы эл аралык кызматташтык боюнча сессияга катышуу учурунда:

“Кытайдын өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону уланта турганы жөнүндө Сиздин (Си Цзиньпин) билдирүүңүздү бизди колдоо катары кабыл алдык”-деп билдирди. Президент Сооронбай Жээнбеков мындай пикирин "Бир алкак — бир жол" эл аралык форумунда сүйлөп жатып билдирди.

Форумдун 1-сессиясында Жээнбеков да "Өнүгүүнүн жаңы кыймылдаткыч күчтөрүн издөө үчүн өз ара байланыштарды бекемдөө"- деп аталган темада сөз сүйлөгөн.


Сооронбай Жээнбеков: “Мен форумдун ачылышындагы сиздин (Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин – ред.) сөзүңүздү кунт коюп уктум. "Жашыл Жибек Жолун" жана "Чынчыл Жибек Жолун" түзүү жөнүндө сунушуңузду толугу менен колдойм. Кыргызстан агрардык өлкө катары, экологиялык таза азык-түлүктөрүн өндүрүүнү жактайт. Биз Кытай Элдик Республикасы, өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдү колдоону уланта турганы жөнүндө сиздин билдирүүңүздү, бизди колдоо катары кабыл алдык. "Бир алкак – бир жол" демилгесинин алкагында биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маанилүү", — деп белгилеп өттү. Президент бул чоң иш-чара өлкөлөрдүн "Бир алкак – бир жолдун" алкагында мындан ары карай өз ара тыгыз кызматташуусуна өбөлгө болот деп ишенерин баса белгилеген.

Ал Кытай Республикасы,  биргелешип гүлдөп-өнүгүүнүн идеясын эле көтөрүп чыкпастан, реалдуу кадамдарды жасады деген пикирин билдирген. Президент: "Кытай биздин улуу кошунабыз, ишенимдүү досубуз жана стратегиялык өнөктөшүбүз. Биз Кытай мамлекетинин бардык ийгиликтерине ар дайым кубанычтабыз. Кытайдын колдоосу менен Кыргызстанда экономиканы өнүктүрүүгө багытталган масштабдуу долбоорлор ишке ашырылды. Биз бул жардамды жогору баалайбыз", — деп белгиледи Жээнбеков.

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин форумдун 1-сессиясын ачкан соң, Россиянын, Өзбекстандын, Тажикстандын, Сербиянын, Чилинин, Сингапурдун, Пакистандын, Италиянын, Таиланддын, Эфиопиянын, Венгриянын, Грециянын жана башка өлкөлөрдүн делегация башчылары - президенттер жана премьер-министрлер сөз сүйлөгөн.

Мамлекет башчы 2019-жылдын 25-апрелинде жумушчу сапары менен Кытайга барган.

https://sputnik.kg/politics/20190427/1044132756/zheenbekov-kytay-tuuraluu-forumda-aytty.html