25-27-апрелде Пекинде “Бир алкак, бир жол” эл аралык кызматташуунуну экинчи форуму болуп өттү. Ага 187 өлкөнүн өкүлдөрү катышты, алардын ичинен 37 өлкөнүнүн  мамлекет жана өкмөт башчыларылары келишти.

Борбордук Азиядан форумга катышкан мамлекет башчылары: Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков, Казакстан Республикасынын биринчи президенти Нурсултан Назарбаев, Өзбекстан Республикасынын прзиденти Шавкат Мирзиёев, Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон.

“Бир алкак, бир жол” форумун даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүндө өкмөттөр арасында келишимдер менен бирге жалпысынан 283 клишимге кол коюлду. Форумдун алкагында өткөн ишкерлердин жыйынына соода жана өнөр-жай тармагынын көп сандаган өкүлдөрү катышты жана жалпысынан 64 млрд. доллар өлчөмүндө кызматташуу келишимдерине кол коюлду”, - деп билдирди Си Цзиньпин. “Бир алкак, бир жол” долбоорунун алкагындагы эл аралык кызматташуу боюнча экинчи жогорку денгээлдеги форум учурунда журналисттердин жыйынында.

Форумдун алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү кандай жыйынтыктарга жетишти?

Алты категорияда жалпысынан 283 келишимге кол коюлду, тактап айтканда: Кытай тарабынан сунушталган жана алдыга коюлган демилгелер, экинчи форумдун алдында же жүрүшүндө кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу документтер, форумдун алкагында көп тараптуу кызматташуунун механизмдери, инвестициялык долбоорлор, долбоорлорду каржылоо жана жергиликтүү бийлик органдарынын жана иш-каналардын долбоорлору.

  1. Кытай тарабынан сунушталган жана алдыга коюлган демилгелер.

Кытай Финансы жана экономика министрлигине байланыштуу Шанхай Улуттук Бухгалтердик ЦАРЭС институту, Азия өнүктүрүү банкы жана Күбөлөндүрүлгөн бухгалтерлер бирикмеси менен биргеликте Кытай жана Борбордук Азия бухгалтерлер алмашуу программасын (China-Central Asia Accounting Elites Exchange Program) ишке киргизишет.

  1. Экинчи форумдун алдында же жүрүшүндө кол коюлган эки тараптуу жана көп тараптуу документтер:

Кытай өкмөтү Казакстан өкмөтү менен өндүрүш мүмкүнчүлүктөрү жана инвестиция боюнча кзматташуу планына кол койду.

Кытай өкмөтү Казакстан өкмөтү менен транспорт тармагында кызматташуу боюнча документе кол койду. Кытай, Беларусия, Германия, Казакстан, Монголия, Украина жана Орусиянын жети улуттук темир жолу, Кытай-Европа  поезд контейнерлеринин транспорту боюнча биргелешкен жумушчу топ үчүн жол эрежелерин кабыл алышты.  (Rules of Procedures for the Joint Working Group for Transport of China-Europe Container Trains).Кытайдын Банктык жөнгө салуу  жана камсыздандыруу боюнча комиссиясы, Астана эл аралык каржы борбору (AIFC) жана башкалар менен өз ара түшүнүшүү тууралуу меморандумга кол коюшту.

Кытайдын Илим жана технология министрлиги,  Өзбекстандын Илим жана технология агенттиги менен биргелешкен лаборатория  жана изилдөө борборлору жаатында  кызматташуу тууралуу документке кол коюшту. Кытайдын бажы кызматы бажы текшерүүлөр жана карантин боюнча документтерди карап чыгууда, Казахстан Каржы жана мамлекеттик кирешелер комитети менен кызматташтык келишимине кол койду.

3.Форум алкагында, көп тараптуу кызматташуу механизмдери

Кытайдын Мамлекеттик салык комитети,  Казакстандын Каржы министрлиги, Мамлекеттик кирешелер комитети жана башка кызыкдар мамлекеттердин (аймактардын) компетенттүү салык органдары, "Бир алкак бир жол" демилгесинин бир бөлүгү катары, салык башкаруу боюнча кызматташтык форумун  уюштурду.

Форум жыйынтыгында, "Бир алкак бир жол" долбооруна катышкан өлкөлөрдө салык башкаруу жана эки жылдык иш-аракет планын түзүү боюнча кызматташтык  меморандумуна кол коюшту. Кытай, Азербайжан, Тажикстан, Түркия  Кыргызстан жана башка 28 өлкө менен энергия жаатында өнөктөштүк түзүлдү.

Кытай илимдер академиясы, Бириккен Улуттар Уюмунун билим берүү, илим жана маданият уюму, Казакстан Республикасынын Улуттук илимдер академиясы, Кыргыз Республикасынын Улуттук Илимдер академиясы жана анын ичинде 37 улуттук жана эл аралык билим берүү уюмдары менен бирге "Бир алкак бир жол" территориясында эл аралык өнөктөштүк   курулду.

  1. Инвестициялык долбоорлор жана долбоорлордун тизмеси

Кытайдын Улуттук өнүктүрүү жана рееформа боюнча комиссиясы     Казахстан, Египет, Мозамбик, Камбоджа, Лаос өлкөлөрүнүн тиешелүү мамлекеттик органдары менен өндүрүш потенциалы бар артыкчылыктуу долбоорлордун тизмеси жана инвестициялык кызматташуу боюнча документтерге кол койду. "Жибек Жолу" фонду  Dewa Concentrated Solar Power долбооруна,  Астана эл аралык биржасына жана "Ямал СПГ" долбооруна (Ямал СПГ - суюлтулган жаратылыш газын өндүрүү, суюктандыруу жана жеткирүү боюнча бирдиктүү долбоор) каражаттарды инвестиция кылды, ошондой эле Азиялык инфраструктуралык инвестиция банкы  менен биргеликте  Оман улуттук була-оптикалык кең тилкелүү тармак долбоорун кошо каржылайт.  (Oman's National Fiber Optic Broadband Network Project). "Жибек жолу" фонду Самаркандагы туризмди өнүктүрүүгө жана Өзбекстандын мунай жана газ тармагындагы долбооруна инвестиция жасайт.

  1. Долбоорлорду каржылоо

Кытай өнүктүрүү банкы жол куруу, тоо-кен өнөр-жайы жана энергетика жаатындагы долбоорлор боюнча, Казакстан жана Түркиянын тийиштүү органдары менен кредиттик келишимге кол койду.

Кытайдын Экспорт-импорттук банкы  Казакстан улуттук компаниясы “КазАвтоЖол” менен жол долбоорлору боюнча кредиттик макулдашууга кол койду.

  1. Жергиликтүү бийлик органдарынын жана ишканалардын долбоорлору

Жергиликтүү бийлик органдары жана ишканалар (Кытай) Тажикстанда Zhongtai New Silk Road агрардык индустриалдык паркын жана Өзбек-Кытай илимий технологиялык паркын курушкан болучу.

https://ca-news.org/news:1543428