2019-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга которулган акча каражатынын өлчөмү 540,4 млн. долларга жетти. Бул жөнүндө КРнын Улуттук Банкы билдирди.

2018-жылдын алгачкы үч айына салыштырмалуу көрсөткүч 34,6 млн. долларга өскөн. Март айында мигранттар өлкөгө 195,8 млн. доллар акча каражатын которгон. Бир айда көрсөткүч 16,4 млн. долларга өскөн.

Которуулардын 90 пайыздан ашыгы (530,3 млн. доллар) Россияга туура келет.

Которуулардын өлчөмү боюнча экинчи орунду 6,6 млн. доллар менен АКШ ээледи. Башка өлкөлөрдөн Кыргызстанга 3,3 млн. доллар которулган.

2019-жылдын январь-март айларынын жыйынтыгында 116,5 млн. доллар Кыргызстандан чет өлкөгө которулган. Бул акча каражатынын негизги бөлүгү  115,6 млн. доллар Россияга которулган.

2019-жылдын январь-март айларында Кыргызстанга жасалган таза которуулар 423,9 млн. долларды түздү.

2018-жылдын жыйынтыгында өлкөгө жасалган которуулар 2 млрд. 685,3 млн. долларды тузгөн. Кыргызстандан чет өлкөгө которуулар 542,2 млн. доллар болгон. Өлкөгө кирген таза акча 2 млрд. 143,1 млн. долларды түзгөн.

https://24.kg/ekonomika/117417_zatri_mesyatsa_2019_goda_migrantyi_pereveli_vkyirgyizstan_5404_milliona/