16.05.19.

Европа Биримдиги Борбордук Азия өлкөлөрү менен өнөктөштүгүнө болгон көз карашын билдирди.

2007-жылы бул аймак менен түзүлгөн стратегиялык кызматташтыгын жаңылады. Европа Комиссиясы жана Европа Биримдигинин тышкы иштер жана коопсуздук саясаты боюнча жогорку өкүлчүлүгүнүн, 15-майда кабыл алган Биргелешкен коммюникесинде, Борбордук Азиянын беш өлкөсү Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан менен өнөктөштүк мамилелерди чыңдоого карата жаңы көз караштар билдирилди.

Бул, аймактагы кээ бир өлкөлөрдө реформалар жасалып жана сыртка ачылып, ал эми аймактык кызматташуу жаңы дем алып Европа-Азия мамилелеринин өнүгүп жаткан маанилүү учурга туш келүүдө. “Борбордук Азия, анын тарыхы жана маданияты Чыгыш менен Батыштын ортосундагы көпүрө экенин эске алганда, дайыма маанилүү аймак болуп келген. Бүгүн, алгылыктуу ички жана регионалдык динамикасынын фонунда, ошондой эле өнөктөштүктү чыңдоону талап кылып жаткан глобалдык чакырыктарга каршы, барган сайын анын стратегиялык мааниси артууда. Туруктуулук жана өнүгүү, ошондой эле жарандарыбыздын кызыкчылыгы үчүн туруктуу өнүгүү жана реформаларды жасоо биздин Борбордук Азия менен кызматташуубуздун негизин түзөт”,- деп билдирди ЕБнин жогорку өкүлү Федерика Могерини.

ЕБнин эл аралык кызматташуу жана өнүгүү маселелери боюнча комиссары Невен Мимица Европа Биримдигинин Борбордук Азиянын өнүгүү тармагында алдыңкы өнөктөшү экендигин, ал эми бул аймакка 2014-2020-жылдарга карата мыйзамдын үстөмдүгүн, чек араларды башкарууну, сооданы илгерилетүүнү, айлана-чөйрөнү жана суу ресурстарын коргоону камсыздоо үчүн берилген жардам 1 млрд. евродон аша тургандыгын кошумчалай кетти. “Жаңыланган өнөктөшүктүн алкагында Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташууну өнүктүрүүнү, өз араларындагы мамилелерди өнүктүрүүгө жардам берүүнү жана бул аймакты туруктуу кылууну жана гүлдөтүүнү  каалайбыз”,- деди ал өз сөзүндө.

Биргелешкен коммюнике ЕБнин Борбордук Азиядагы келечектеги иш-аракеттерин эки жол менен ишке ашырууну сунуштайт:

  • Борбордук Азия өлкөлөрүнүн, ички жана тышкы кыйынчылыктарга туруштук берүүгө мүмкүнчүлүгүн жакшыртуу жана ошондой эле реформаларды жүргүзүү аркылуу туруктуулук үчүн өнөктөштүк,
  • Экономиканы өнүктүрүү, туруктуу мамилелерди өнүктүрүү жана жаш муунга инвестция жасоо аркылуу өнүгүү үчүн өнөктөштүк.

7-июлда Бишкекте өтө турган ЕБнин жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн тышкы иштер министрлеринин 15-биргелешкен жолугушуусунда Федерика Могерини жана Невен Мимица кесиптештерине, ЕБнин Борбордук Азия боюнча жаңы стратегиясын расмий түрдө көрсөтүүнү пландашууда.

https://www.for.kg/news-569867-ru.html