17.05.19.

Кыргызстан менен Түркия эки тарптуу эмгек визасын каттоо чыгымдардын  кыскартуу тууралуу макулдашышты.

Бул туралуу, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызмат департаменти  жарыялады. Анын айтымында, тараптар кыргыз жарандары үчүн $283 жана түрк жарандары үчүн  $280 болгон эмгек визасынын бааларын $30 чейин өз ара кыскартуу жөнүндө макулдашышты.

"Эмгек визасынын каттоо баасынын азайтылышы Түркияда Кыргызстан жарандарынын ишке орношуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзөт жана туристтик сезон учурунда бул өзгөчө маанилүү," – деп билдирет Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин консулдук кызматынан.

 Эмгек визасын каттоо үчүн төмөндөтүлгөн баалар 2019-жылдын 15-майынан тартып күчүнө кирет.

Мындан тышкары, 2011-жылдын 26-апрелинде,  жарандардын өз ара барып-келүүлөрү жөнүндө өкмөттөр аралык келишимге кошумча протоколго кол коюлду.

 Документте Түркияга  медициналык кызмат алуу үчүн  келип, өлкөдө  үч айдан ашык жашаган Кыргызстандын жарандарын жана  аларды коштоп жүргөн адамдарды жашап турууга уруксат алуу үчүн акы төлөөдөн бошотуу каралган.

Эки өлкөнүн диний иштери жана билим берүү иштери боюнча, мамлекеттик бийлик органдар тарабынан келген жарандары, иштөөгө уруксат алуу  муктаждыгынан бошотулат.

https://24.kg/vlast/117533_dlya_kyirgyizstantsev_snizili_stoimost_trudovyih_viz_vturtsiyu/