24.05.19.

Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилиги билдиргендей Тамчы-Ташкент аба каттамы жанданат.

Дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн маалыматына караганда, “Өзбекстан аба жолдору” компаниясы менен биргеликте жай мезгилинде бул маршрут менен каттамдарды ачуу пландалууда. Келишимдерге ылайык, Ташкент-Тамчы-Ташкент алгачкы каттамы 2019-жылдын 27-июнунда жасалат жана 6-сентябрга чейин, ар бейшемби бул маршрут боюнча каттамдар жасалат. Буга чейин билдирилгендей, аба каттамын ачуудан мурда эки өлкөнүн журналисттери үчүн тааныштыруу учушу жасалат. Ташкент-Тамчы каттамдары 2018-жылдын жай мезгилинде жасалып, бирок келген жүргүнчүлөрдүн саны аз болгондугуна байланыштуу учуулар актабай калгандыктан, июль айынын ортосунда жабылган эле. Белгиленгендей, Ташкент-Тамчы каттамын ачуу Өзбекстандан Ысык-Көлгө турсттерди тартууга жардам берет.

https://rus.azattyk.org/a/29956713.html