13-14-июнда Бишкек шаарында, Шанхай Кызматташтык Уюмуна мүчө мамлекеттердин башычыларынын отуруму болуп өттү.

Жыйын эки бөлүмдөн турду: тар чөйрөдө болуп өткөн жыйынга ШКУга мүчө болгон өлкөлөрдүн башчылары катышышты. Ал эми, кеңейтилген жыйынга болсо, уюмга байкоочу катары катышып жатышкан мамлекеттердин президенттери жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү дагы  катышышты. Жыйындын экинчи бөлүгү журналистер тарабынан коомчулука чагылдырылды.
 

Кыргызстан тарабынан жасалган демилгелер.

Кеңейтилген жыйындын ачылышында, Кыргызстандын президенти буга чейин аткарылган иштер тууралуу маалымат берип жана бир катар инициативаларын айтып өттү: 

  • ШКУнун алкагында экономикалык кылмыштуулука каршы орган түзүү;
  • жалган маалымат таратуучулар менен күрөшүү;
  • ЕАЭС жана ШКУнун ортосундагы алаканы жөнгө салуу;
  • ШКУга мүчө мамлекеттер ортосунда маданий-интеграциялык борборун түзүү;
  • Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу;
  • ШКУга тиешелүү банкты түзүү боюнча консультацияны улантуу.


Жогоруда белгиленген инициативалар мурда дагы көтөрүлгөн, бирок бүгүн дагы актуалдуулугун жоготкон жок.  Баардык өлкөлөрдүн президенттери Кыргызстан тарабынан көтөрүлгөн демилгелерди колдошту.

 Таджикстан президенти.

Таджикстан президенти, наркотикалык заттарды сатуу менен топтолгон каражаттар терроризмди колдоого жумшалып жаткандыгын билдирди. Анын белгилөөсүндө жумушсуздук, жакырчылык, жаштардын террористик жана экстремистик уюмдарга мүчө болуп кетүүсүнө шарт түзүүдө. Ошол себептен, анча бай эмес өлкөлөргө көңүл буруу керек деп эсептейт. Ошондой эле, ал дагы ШКУнун банкы жана ШКУнун өнүктүрүү фондунун түзүүнү тездетүү керек деп эсептейт. Мындай иш чаралардын аткарылышы уюмга мүчө өлкөлөрдүн  экономикалык өнүгүшүнө оң таасирин берет.

Борбордук Азияны унутпайлы.

Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев белгилөөсүндө Борбордук Азия ШКУнун алкагында негизги приоритеттүү аймак болушу керек. Ал: “Күн өткөн сайын аймак туруктуу жана экономикалык жактан өнүгүп жатат. Мындай көрүнүш аймакты өнүктүрүүгө багыталган долбоорлорду ишке ашырууга жакшы өбөлгө түзөт. Анын ичинде, Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолун куруу аймактын өнүгүүсүнө жана инвестициялардын агымынын көбөйүүсүнө өзгөчө таасир этмекчи”-деп белгилеп өттү.


ШКУнун отурумунун аягында жыйырмадан ашык маанилүү докуменеттерге колдор коюулду. ШКУга башчылык кылуу милдети Кыргызстандан Россия Федерациясына өткөрүлүп берилди.

Эске сала кетсек, Шанхай Кызматаштык уюму (ШКУ)- эл аралык уюм болуп эсептелет. Ал 2001-жылы Кытай, Россия, Казахстан, Таджикистан, Кыргызстан жана Өзбекстан өлкөлөрүнүн лидерлери тарабынан түзүлгөн. Азыркы учурда, ШКУга  Индия, Казахстан, Кыргызстан, Китай, Россия, Пакистан, Таджикстан, Өзбекстан мамлекеттери мүчө болуп эсептелет.

Ал эми байкоочу мамлекеттерге Афганистан, Беларусь, Иран жана Монголия өлкөлөрү кирет.

https://ru.sputnik.kg/politics/20190614/1044703638/bishkek-sammit-shos-itogi.html