Европа Биримдиги (ЕБ) “Азиядагы өзгөрүүгө жардам берүү” (SWITCH-Asia) аттуу  программасын ишке киргизүүдө.

Анын негизги максаты, туруктуу керектөөнү камсыз кылуу, өндүрүштү өнүктүрүү  жана Азиянын жашыл экономикага өтүүсүнө жардам берүү болуп саналат. Программа 2019-жылдан тарта Борбор Азияга жайылып баштаган. 

5-июль күнү, Бишкек шаарында аталган программанын бет ачаары болуп өтмөкчү. Презентация учурунда, программанын Борбор Азия чөлкөмүндө ишке ашыруу максаттары жана проблемалары талкууга алынмакчы. Мындан тышкары, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Түркмөнстан жана Өзбекстан өлкөлөрүндө жакынкы үч жыл аралыгында программанын ишке киргизүүнүн пландарын тактоо иш-чаралары да каралмакчы.

Азыркы учурда, Казакстан жана Кыргызстан жашыл экономиканын улуттук стартегиясын иштеп чыгуунун алгачкы баскычында гана турушууда. Ошол эле убакта, Өзбекстандын өкмөтү табигый энергияны алууну жактай тургандыгын билдирип,  маанилүү кадамдарды жасоодо. Өзгөчө, күндөн энергия алууга өзбек тарап кызыкдар экендигин белгилөөдө. Ошондой эле Тажикстан дагы,  негизги экологиялык программаларды жүзөгө ашырууну көздөөдө. Кыргызстан коңшулаш эки мамлекет сыяктуу эле  күндөн энергия алуу, энергияны үнөмдөө, органикалык таза айыл чарбасын түзүүнү каалайт. Кыргызстан жашыл экономиканы өзүнүн өнүгүүсүнүн приоритеттүү тармагы катары көрөт жана жаңы укуктук базаны иштеп чыгууга умтулат. Акыркы жылдарда (2019-2022) Борбордук Азиядагы беш өлкө, программанын алкагында, жашыл экономикага тиешелүү атайын адистешкен эксперттерден жардам алышмакчы.

http://ru.vzglyadriv.kg/world-news/25374-es-zapustit-v-centralnoy-azii-programmu-po-sodeystviyu-perehoda-k-zelenoy-ekonomike.html