Евробиримдик дагы кошумча 72 миллион евро акча каражатын, Борбордук Азия өлкөлөрүнө жардам берүү долбоорунун алкагында бөлүп берүүнү көздөөдө.

Бишкек шаарында, 7-июль күнү “Евробиримдик–Борбордук Азия”- аттуу жыйын болуп өттү. Чогулушка, Евробиримдиктин Тышкы иштер жана саясий коопсуздук органынын өкүлү, Федерики Могерини жана Борбордук Азиядагы беш өлкөнүн тышкы иштер минстирлери катышышты. Жыйындын соңунда, аймактагы мамлекеттер үчүн дагы кошумча финансылык көмөк көрсөтүү тууралуу чечим кабыл алынды. 2014 - 2020 – жылдарга карата бөлүнгөн 1 миллиард евродон тышкары, Евробиримдик дагы кошумча Борбордук Азияга жардам берүү долбоорунун алкагында, 72 миллион евро бөлөт. Евробиримдик 7-июль күнү тараткан билдирүүсүндө, Тажикстанга жаңы ГЭС куруу үчүн 20 миллион евро бөлүнгөндүгүн билдирди. Анын курулушунун негизги максаты, элди электр энергиясы менен камсыз кылуу жана Афганистандын түндүк аймактарына энергияны экспортоо болмокчу.

https://www.fergana.agency/news/108792/