3.09.19.

Бишкек шаарында 3-сентябр күнү, түрк жана кыргыз ишкерлеринин ортосундагы эки өлкөнүн соода-сатыгын өнүктүрүү боюнча пикир алмашуу болду.

Туркия парламентинин  депутаты Режеп Шекер баштаган делегация, айыл чарба техникасы, кайра иштетүү, курулуш материалдары, сүт азыктары жана дары-дармек секторунда иш алып барышкан ишкерлер менен биргеликте Бишкек шаарында бир катар жолугушууларды өткөрдү.

 Режеп Шекер жана аны коштогон делегация, Кыргыз-Түрк бизнести өнүктүрүү  платформасы жыйынында кыргыз ишкерлери менен жолугушту.

Жыйын башталган алгачкы күнү, Кыргызстандын Ата-Мекен Социалисттик партиясынын депутаттары Эмил Токтошев жана Садык Шер-Нияз, Экономика министринин орун басары Kадыров Дастан, өкмөттүн алдындагы инвестицияларды коргоо боюнча агенттиктин төрагасы Шумкарбек Адылбек уулу катышышты.

Депутат Садык Шер-Нияз: "СССР таркагандан кийин өлкө коомдук-саясый жана экономикалык кризиске дуушар болду. Биринчилерден болуп оор учурларда, түрк боордоштор кыргыз элине көмөк көрсөттү. Түрк элинин бизге берген жардамын  эч качан унутпайм" – деп белгилеп өттү.

Түркия тараптан сөз алган Режеп Шекер мырза, эки өлкөнүн ортосундагы соода жүгүртүүнүн көлөмүн 1 миллиард долларга чейин чыгаруу максатын ишке ашыруу үчүн бардык аракеттерди жасай тургандыгын билдирди.

Кыргыз-Түрк бизнести өнүктүрүү  платформасы уюмунун өкүлү, Мухаммер Аккая эки өлкө ортосундагы инвестицияларды көбөйтүүнүн пландары менен тааныштырды.

Мухаммер Аккая: “Кыргызстан айыл чарба, тамак-аш, малчылык, энергетика, жана башка  тармактарында абдан чоң потенциалы бар өлкө. Эки күндүк жыйындын алкагында эки өлкөнүн карым-катыш мүмкүнчүлүктөрүн  билүүгө жардам бере тургандыгына ишенем”- деп сөзүн жыйынтыктады.

http://kabar.kg/tur/news/turkiye-ve-k-rg-zistan-i-birli-ini-art-rmak-istiyor/