10.09.19

Кумтөр алтын кенинде дагы 100 тоннадан ашык алтындын кору бар.

Бул тууралуу Кыргыз Республикасынын өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин төрагасы Эмиль Осмонбетов Жогорку Кеңештин жыйынында сүйлөп жатып билдирди.

Анын берген маалыматы боюнча, 1997-жылдан тарта  бүгүнкү күнгө чейин 384,3 тонна өлчөмүндө алтын өндүрүлгөн. Эмиль Осмонбетов: “Азыркы учурда, тагыраак айтканда дагы 104,345 тонна алтын бар. Ошондой эле жүргүзүлгөн чалгындоолордун берген болжолдуу маалыматы боюнча, кошумча дагы 23 тонна алтын табылышы мүмкүн” – деп белгилеп өттү.

«Кыргызалтын» ачык акционердик коомунун башчысы Алмаз Алимбековдун айтымында, Кумтөр кени алтын өндүрүп баштагандан бери жалпысынан, $9,5 миллиард доллар акча каражатын иштеп тапкан. Ал эми, Кыргызстандын казынасына бул сумманын $3,7 миллиард доллары келип түшкөн.

Кумтөр алтын кени болжол менен 2026-жылга чейин алтын казуу иштерин улантмакчы.

https://24.kg/ekonomika/128907_namestorojdenii_kumtor_est_bolee_100_tonn_zolota_/