CA-NEWS (CA)Global Wealth Report 2017 изилдөө борбору 14-октябрда жарыялаган баяндамасында, өткөн 12 айда планетабыздын жашоочуларынын бакубаттулугу 6,4% га 280 трлн. долларга чейин өстү жана бул 2012-жылдан берки эң жогорку көрсөткүч болгондугун билдирди.

Бул жөнүндө  РосБизнесКонсалтинг’’ (РБК) жазып чыкты. Баяндаманын авторлору белгилегендей планетабыздын бакубаттуулугу калкынын санынын өсүшүнө салыштырмалуу тезирээк жогорулаган. Ушул себептүү жер шаарынын бойго жеткен калкынын киши башына туура келген бакубаттуулуктун орточо көрсөткүчү 56,5 миң доллар өлчөмүндө рекорддук баскычка жетти. Муну менен бирге 2007-жылдан бери бакубаттуулукту бөлүштүрүүдөгү теңсиздик көрсөткүчү өсүүдө. Аналитиктердин пикири боюнча азыркы учурда жер шаарынын эң бай адамдарынын 1% планетанын байлыгыгнын 50,1% на ээлик кылат. 2000-жылдардын башында бул көрсөткүч 45,5% болгон болсо, 2006-жылдан 2008-жылдар арасында 42,5%га түшкөн, бирок улам кийинки жылдары өсүш көрсөткөн.

 Credit Suisse адистеринин эсептөөлөрүнө караганда кийинки беш жыл боюнча дүйнөлүк бакубаттуулук өсүүсү уланат. 2022-жылы 341 трлн. долларга жетет. Эң жогорку өсүш өнүгүп келе жаткан өлкөлөрдө болот. Кытайдын бакубаттуулугу болжолдоп айтканда 10 трлн. долларга (же 33%) өсөт.

Баяндамада азыркы учурда АКШнын бакубаттуулук деңгээли тез өсүп жаткандыгы айтылууда. Мындан сырткары дүйнөдөгү доллар миллионерлеринин саны 2,3 млн. кишиге көбөйдү жана алардын жарымы АКШда жашашат. Ошол эле учурда Британияда миллионерлер 34 миңге азайды, ал эми Японияда 300 минге көбөйдү.

Мындан тышкары 3,5 млрд. адамдын бакубаттуулугу, бул жер шарынын бойго жеткен калкынын 70% пайызын түзөт, киши башына эсептегенде 10 миң доллардан аз (дүйнөлүк бакубаттулуктун 2,7% пайызын түзөт).