Tazabek - Кыргыздар үчүн белгилүү жерлер Анталия, Индия (Гоа), Кытай аралдары жана башкалар саналат. Бул туурасында Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында, Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов билдирди.

Анын айтымында, туризм Департаментинин бюджети 7,1 млн сомду түзөт жана  бул өнөр жайын өнүктүрүү үчүн жетиштүү эмес.

“Жолдорду оңдоо, аэропортторду өнүктүрүү, Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун өткөрүү- дагы туризм болуп саналат”-деди ал өз сөзүндө.

Өзбекстандын Кыргызстандагы туристтик мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу боюнча, департамент башчысы эки тараптуу өз ара макулдашуулар бар экенин белгиледи.

“Биз эки өлкөнү туризм секторун пропагандалоо үчүн теледен эфирдик мүнөттөрдү жана сааттарды берүүгө макулдашабыз. Ошондой эле Кыргызстандыктар дагы өзбекстандын эс алуучу жерлерине эс алуу үчүн активдүү бара алышат”, -деп билдирди ал.