Tazabek – Кыргызстан менен Өзбекстан ортосунда кыш мезгилинде чартердик рейстерди узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Бул туурасында Туризм департаментинин директору Азамат Жаманкулов Бишкекте өткөн басма сөз жыйынында билдирди. Анын айтымында, «Ысык-Көл» эл аралык аэропортун жандандыруу үчүн бул жылы ачылган Новосибирск жана Ташкент түз каттамдарын Ташкент үчүн пайдалуу боло турган болсо, узартуу боюнча сүйлөшүүлөр жүргүзүлөт. «Өзбекстанда ири лыжа базалары жок, эмне үчүн кыш мезгилинде бизге келишсе болбойт», - деди ал. Департаменттин директорунун айтымында, бүгүнкү күндө инфраструктураны өнүктүрүү үчүн  жолдор курулуп жатат, муну менен бирге Корумду жолунун курулуш иштери жүрүүдө. "Ишенебиз, башталган иштер 2018-жылдын жайында аяктайт", - деди ал өз сөзүндө.