15.10.19

Бүгүн 15-октябрь күнү, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Эл аралык иштер жана коргоо боюнча комитетинин жыйынында, “Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы инвестицияларды өз ара колдоо жана коргоо жөнүндөгү макулдашуу” аттуу мыйзамдын долбоорун карады.

Мыйзам долбоору боюнча, Экономика министринин орун басары Султан Ахматов маалымат берди. Минстрдин орун басарынын айтымында, аталган мыйзам долбоору Түркиядан инвестиция тартууга, жана ошондой эле, Түркиядагы кыргыз ишкерлери үчүн жакшы шарт түзүүгө багытталган. Мындан тышкары, аталган макулдашуунун алкагында, Кыргызстандын аймагында Түркиялык инвесторлорду  коргоого шарт түзмөкчү. Ошондой эле, келишим тараптардын экономикалык өнүгүүсүнө багытталган.

Эскерте кетсек, 2017-жылы эки өлкөнүн ортосундагы  соода жүгүртүүнүн көлөмү  $356,1 миллион долларды  түзсө, 2018 - жылы $394,5 миллион долларга жеткен. Ал эми, 2019-жылдын алгачкы сегиз  айынын ичинде, бул көрсөткүч $190,8 миллион доллар өлчөмүндө болгон.

http://www.tazabek.kg/news:1571596?from=portal&place=last&b=1