15.10.19

Кыргызстан Түрк кеӊешинин өлкөлөрүнүн ортосунда IT технологиялары боюнча жана жашыл экономиканы өнүктүрүү багытында тыгыз кызматташууну сунуш кылат.

Бул тууралуу бүгүн, 15-октябрда мамлекет башчысы Сооронбай Жээнбеков Бакуда Түрк тилдүү мамлекеттер кеңешинин кезектеги жыйынында сүйлөп жатып билдирди. Саммиттин бүгүнкү темасы чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү болду. Кыргыз президенти ортодогу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташтыктын дараметин көтөрүү зарыл экенин белгилеп, түрк тилдүү өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр үчүн Кыргызстандын эшиги ар дайым ачык экенин айтты.

- Бүгүнкү күндө Кыргызстанда Түркия, Казакстан жана Өзбекстан менен көп сандагы биргелешкен ишканалар иштеп жатат. Ошол эле мезгилде биз азербайжандык жана венгриялык өнөктөштөр менен ишкердикти өнүктүрүүгө кызыгабыз. Уюмга мүчө болгон мамлекеттердин ички дүң өнүмүнүн жалпы көлөмү 1,5 триллион доллардын тегерегинде. Ошондуктан биз жалпы экономикалык дараметибизди толук колдонушубуз керек. Кыргызстан бул багытта транспорттук коридорлорду кеңейтүү, энергетикалык объектилерди куруу, жеңил өнөр жай жана айыл чарба өндүрүмүн кайра иштетүү жаатында ийгиликтүү иш алып барууда. Ошондой эле логистика, транспорт, туризм жана инновациялык технологиялар чөйрөсүндөгү байланыштарды кеңейтүүдө. Бул тармактарда Түрк кеӊешине кирген мамлекеттерден келген өнөктөштөр менен иштешүүгө даярбыз, деди Жээнбеков.

Азербайжандын борбору Баку шаарында Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин кезектеги саммити өтүп жатат. Түрк кеңешин түзүү тууралуу келишим Азербайжандагы Нахчыван шаарында 10 жыл мурда түзүлгөн (RK).

https://www.azattyk.org/a/30217408.html