15.10.2019

Түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык кеңешинин (ТТМКК) 7-жыйыны, Азербайжандын борбору Баку шаарында болуп өттү. Саммитке Түрк кеӊешине мүчө мамлекеттердин лидерлери катышып, түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосундагы маанилүү маселелер талкууга алынды.

Түркиянын “Anadolu Ajans” (aa.com.tr) маалымат агентигинин берген  маалыматы боюнча, жыйынга Азербайжандын президенти Илхам Алиев, Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган, Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышты. Кеңешке байкоочу мүчө катары, Венгриянын өкмөт башчысы Виктор Орбан жана мүчө болбосо да, Түркмөнстандын өкмөт башчысынын орун басары Пүрли Агамурадов да жыйынга катышты. 

Илхам Алиев: “Иш биримдигибиз, Азербайжандын тышкы саясатынын негизги багыттарынан”

Азербайжандын президенти Илхам Алиев кеңешмеде сүйлөгөн сөзүндө, Кыргызстандын Түрк кеңешине ийгиликтүү жетекчилик кылгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип өттү. Өзбекстандын кеңешке катышып жаткандыгын куттуктаган Алиев, Өзбекстандын бул чечими түрк дүйнөсүнүн биримдигинин күчтөнүүсүнө жана иш биримдигинин тереңдешине кошумча күч болгондугун билдирди. Илхам Алиев: “Азербайжан Түрк кеңешине башчылык кылып турган мезгилде, өлкөлөрүбүздүн ортосунда, эки тараптуу жана көп тараптуу иш биримдигибизди мындан ары дагы өнүктүрүү жана улантуу үчүн колубуздан келген баардык аракеттерди көрөбүз” –деп белгилеп өттү.

Нурсултан Назарбаев: “Жаңы тарых барагы ачылууда”

Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаев, Түрк тектүү өлкөлөрүнүн ортосундагы биримдик аны кубандырганын билдирди.

Венгриянын “байкоочу” өлкө катары,  ал эми Өзбекстандын “толук кандуу мүчөсү” катары жыйынга катышып жатышына ыраазычылык билдирген Назарбаев, сөзүн мындайча улантты: “Жаңы бир тарых барагы ачылып жатат, Түрк кеңеши, глобалдык маштабда маанилүү саясий жана экономикалык популярдуулукка жетишти. Ошол эле учурда, түрк дүйнөсүнүн биримдигин дагы арттыруудабыз. Түрк өлкөлөрүнүн ортосундагы өз ара биримдик жаңы баскычка чыгууда” - деп билдирди. Мындан тышкары, Нурсултан Назарбаев түрк маданиятынын абдан терең тамыры бар экендигин айтып келип: “Түрк дүйнөсүнүн биримдиги, мен үчүн талашсыз чындык. Мен баардыгыбыз бирге экендигибизди сүрөттөп айтыш үчүн “кайрадан жаралуу”, “ишеним” деген сөздөрдү тандап айтып жатам. Ошол эле убакта, “бир тууган” сөзүнүн мен үчүн чоң мааниси бар”- деп белгилеп өттү.

Сооронбай Жээнбеков: “Биз келечекте Түрк кеӊешине мүчө мамлекеттердин иш  адамдары менен кызматташууга даярбыз”

Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков: “Бүнкү күндө, Түркия, Казакстан жана Өзбекстандан келген бир нече иш адамдары, Кыргызстанда соода, курулуш иштери менен алектенишүүдө. Биримдикке мүчө өлкөлөрдүн экономикалык күчүн пайдалануу керек. Кыргызстан бул багытта, жүктөрдү ташуу коридорун кеңейтүү, энергетика, жеңил өнөр-жай жана айыл чарба тармагында керектүү кадамдарды ийгиликтүү жасап жатат. Ошол  эле убакта, логистика, жүк ташуу, туризм жана иновациалык технология тармагында эки тараптуу мамилелерди кеңейтүүдө. Бул тармактарда, Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин ишкерлери менен биз кызматташууга даярбыз” –деп сөзүн жыйынтыктады.

Шавкат Мирзиёев: “Өзбекстан үчүн тарыхый бир күн”

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёев, бул күндүн Өзбекстан үчүн “тарыхый бир күн” болгонун белгилеп, Өзбекстандын Түрк кеңешине “толук кандуу мүчөсү” болгондугун айтты. Мирзиёев, Өзбекстанда акыркы жылдарда экономика тармагындагы ийгиликтерден кеп кылды. Мирзиёев, Түрк кеңешине мүчө болгон мамлекеттерде жашаган калктардын көбүнүн жаш курактагылары 40% пайыз түзгөндүгүн, ошондуктан жаш ишкерлердин иш форумун уюштурулушун жана бул форумдун 1-жыйынын Өзбекстанда өткөрүлүшүн сунуштады.

Режеп Тайип Ердоган: “Соода квоталары эң чоң тоскоол”

Түркия Республикасынын Президенти Режеп Тайип Эрдоган, Түрк кеңеши катары соода квоталарынын жоюшулу керек экендигин, анткени соода квоталарынын Түрк кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин өз ара соода алакаларынын алдында турган эң чоң тоскоол болуп жаткандыгына басым жасады. Түрк кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин экономикасына чет  элдик валюталардын кылган басымын азайтыш үчүн, чараларды көрүү керек экендигин айтып өттү. Сириянын түндүк аймагын басып алган жана жергиликтүү калкты тажаткан террористтерге каршы уюштурулган “Тынчтык булагы” (Barış Pınarı) аттуу аскерий операциянын эң негизги эки максатына токтолуп өттү. Булардын биринчиси аймакты террористтерден тазалоо, экинчиси болсо террористтерден тазаланган аймактарга сириялыктардын кайрадан өз жеринде тынчтык менен жашашын камсыздоо болгондугун айтты. Президент Эрдоган, Түрк кеңешине мүчө болгон мамлекеттердин, Түркия мамлекетинин аймактагы туруктуулукту камсыздоо үчүн жүргүзгөн саясатын колдогондугун өзгөчө күткөндүгүн баса белгилеп кетти.

Венгриянын премьер-министри Виктор Орбан, Түрк кеңешине салым кошуу үчүн “байкоочу” өлкө катары жыйынга катыша тургандыгын жана бул уюмдун кийин Европага жакындоосуна маанилүү роль ойной тургандыгын баса белгиледи.

Түркмөнстандын премьер-министринин орунбасары Пүрли Агамурадов, Түркмөнстан тараптан Түрк кеңешине маани берилгендигин жана колдоо көрсөтүлгөндүгүн белгиледи. Түрк кеңеши, Түркмөнстандын эң маанилүү деп эсеплтеген эл аралык уюмдардан экендигине басым жасады. Түркмөнстандын премьер-министри өзүнүн бул жыйынга катышып жаткандыгынын себебин, биринчиден Түркмөнстандын Түрк кеңешине кирүүгө болгон жеке кызыгы бар экендигинин бир көрсөткүчү катары түшүндүрдү.

Түрк кеңешинин төрагалыгын Кыргызстан Азербайжанга өткөрүп берди

Саммитте Казакстандын тунгуч президенти Нурсултан Назарбаевге, Түрк дүйнөсүнө кошкон чоң салымы үчүн “Түрк кеңешинин өмүр бою сыймыктуу төрагасы” деген наам ыйгарылды. Сыйлыкты Азербайжандын Президенти Илхам Алиев тапшырды.

Жыйындын негизги темасы, “чакан жана орто ишкерликти өнүктүрүү” саммиттин жыйынтыктоо бөлүмүндө Түркиянын “Тынчтык булагы” (Barış Pınarı) аттуу аскерий операциясына колдоо көрсөтүү чечими кабыл алынды. Түрк кеңешинин төрагалыгын Кыргызстан Азербайжанга өткөрүп берди. Азербайжан Республикасынын президенти Алиев, кийинки саммиттин президент Эрдогандын макулдугу менен Түркияда өткөрүлө тургандыгын айтты.

https://www.aa.com.tr/tr/dunya/turk-konseyi-7-zirvesinde-liderlerden-onemli-mesajlar/1614655