21.10.19
Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков,  Японияга болгон иш сапарынын жүрүшүндө “Tokyo Rope MFG” корпорациясынын Токиодогу башкы кеңсесинде болуп кайтты.

 Мамлекет башчысынын басма сөз кызматы маалымдагандай, 21-октябрь күнү, Сооронбай Жээнбеков корпорациянын  ишмердүүлүгү менен таанышты жана анын төрагасы Шигето Танака мырза менен жолугушуу өткөрдү.

Тараптар инвестициялык кызматташуу боюнча пикир алмашышты.
Президент Бишкек шаарында, 2017-жылы жана 2018-жылы Кыргызстанда “Tokyo Rope MFG” корпорациясынын жетекчилиги менен жетишилген  макулдашуулар ийгиликтүү   ишке ашырылып жаткандыгын канаатануу менен белгиледи. Азыркы учурда, Кыргызстанда корпорацияга тиешелүү ишканалары ийгиликтүү иштеп келе жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков: ”Инвестициялар бизге аба менен суудай эле керек. Биз дайыма, сиздики сыяктуу ири компаниялар менен кызматташууга кызыкдарбыз. Япония өлкөсү, бизге эгемендик алгандан бери бир топ жардам берди”, - деп ыраазычылыгын билдирип өттү.

”Tokyo Rope MFG”  корпорациянын төрагасы Шигето Танака мырза. Бишкек шаарында иштеп жаткан компаниясынын бөлүмдөрүнүн иш-аракеттерин кеңейтүү боюнча өзүнүн пландары менен бөлүштү. Бүгүнкү күндө, корпорация Кыргызстандан тышкары, Казакстан, Шри-Ланка жана Филиппинде өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп жатат.

Шиего Танака мырза, Кыргызстан менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экендигин өзгөчө белгилеп келип:”Биз Кыргызстандын экономикасын өнүктүрүү үчүн өзүбүздүн салымыбызды, Япониянын заманбап инновациялык технологияларын колдонуу аркылуу кошкубуз келет”, - деп билдирип өттү.

Эскерте кетсек, корпорациянын  Кыргызстандагы бөлүмдөрү азыркы убакта, Бишкек-Ош жолунда кар көчкүгө каршы корума дамбаларды  курууда.

”Tokyo Rope MFG” –  корпорациясы жогорку технологиялык болоттон зым торлорду жасоо тармагында дүйнө жүзүндөгү ири компаниялардын бири болуп саналат. Бишкекте анын мекемеси 2017-жылы ачылган болучу.

https://kyrtag.kg/ru/news/prezident-zheenbekov-posetil-golovnoy-ofis-korporatsii-tokyo-rope-mfg-v-tokio