02.11.19

Кыргыз өкмөтү жана Азиялык өнүктүрүү банкы Үч – Курган ГЭСинин реабилитациялоо долбоорун ишке ашыруу үчүн гранттык жана кредиттик келишимге кол коюшту. Бул тууралуу, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Берилген маалымат боюнча, долбоордун баасы $ 160 миллион долларга бааланган. Анын $100 миллион долларын Азиялык өнүктүрүү банкы бөлүп берип жатат. Берилген $100 миллиондун $60 миллиону кредит түрүндө, ал эми, $40 миллиону болсо грант катары берилмекчи.

Кыргыз өкмөтү мындан тышкары, Евразиялык өнүктүрүү банкынан $45 миллион доллар алууну пландоодо. Калган $15 миллион долларды Кыргызстандын өкмөтү бюlжеттен  бөлүп берүүнү көздөөдө.

Каражат, Үч-Курган ГЭСинин гидроагрегаттарын электромеханикалык жабдууларын алмаштырууга, ГЭСтин дамбасын бекемдөөгө жана гидротехникалык курулуштардын реконструкциялоого жумшалмакчы.

https://24.kg/ekonomika/133969_aziatskiy_bank_razvitiya_vyidelit_100_millionov_nareabilitatsiyu_uch-kurganskoy_ges/