09.11.19

Кыргызстан 2023-жылга карата туризмди өнүктүрүү боюнча, Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форумдун рейтинг көрсөткүчүндө 70-орунду камсыз кылууну пландаштырууда.

Бул тууралуу, Tazabek маалымат агенттиги билдирди. Мындай идея, 2019-2023-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн туризм тармагын өнүктүрүү боюнча программасында камтылган.

Ошондой эле маалыматта, 2019-жылга карата Кыргызстан рейтингде 100-орунду камсыздоосу пландалган деп билдирет.

Кыргызстанга 2018-жылы 1,4 миллион турист келген. Алардын басымдуу бөлүгү (900.000 миң) Ысык-Көл облусунда эс алышкан.  

Кыргызстандын мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматы боюнча, 2018-жылы чек арадан өткөн чет өлкөлүк жарандардын саны 7 миллион адамды түзүп, 2017-жылга салыштырмалуу 1,5 эсеге көптүк кылган.

Эскерте кетсек, Дүйнөлүк туризм уюмунун (UWNTO) маалыматына ылайык, 2018-жылы дүйнөдө 1,4 миллиард адам саякат кылган. Ошол эле учурда, дүйнө жүзүндө туристтик агымдын 60% пайыздан ашыгы 20 өлкөгө туура келген. Туристтердин саны боюнча лидер Франция (93,2 миллион турист) болуп саналат. Дүйнөлүк рейтингдин топ башында Испания (82,8 миллион турист), АКШ (82,2 миллион турист), Кытай (62,9 миллион турист) жана Италия (62,1 миллион турист) өлкөлөрү кирген.

https://centralasia.news/5498-kyrgyzstan-reshil-popast-v-top-70-populjarnyh-u-turistov-stran.html