«Здоровье» (АКИpress) – 2017-жылдын 27-ноябрында КР Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиев Түркия Республикасынын премьер-минитринин аппаратынын алдындагы Эл аралык кызматташтык боюнча түрк агенттигинин (ТИКА) Бишкектеги офисинин координатору Али Муслу мырза менен КР Саламаттык сактоо министрлигинде жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Бишкек шаарындагы

Кыргыз-Түрк достук ооруканасынын учурдагы курулуш абалын талкуулашты. Али Муслу мырза министрге кабыл алганы үчүн ыраазычылык билдирип, оорукана курулушунун аяктаганын, ошондой эле, учурда телекоммуникация, электр, суу жана жылытуу системаларын улоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирди. Талантбек Батыралиев конокту министрликтин оорукананын иштеп кетүүсүнө байланыштуу бардык маселелерди чечүүгө көмөк көрсөтүүгө даяр экенине ишендирди.

Бишкектеги Кыргыз-Түрк достугу ооруканасынын курулушу жана аны ишке киргизүү, тараптардын ортосунда бекитилген макулдашуунун алкагында жүзөгө ашырылат. Долбоордун максаты гастроэнтерелогия, интервенционалдык радиология, жүрөк-кан тамыр хирургиясы, кардиология сыяктуу медициналык багыттарды заманбап дарылоо жана диагностикалык жабдуулар менен жабдуу, ошондой эле,  тажрыйбалуу адистерди даярдоо жана учурдагы адистик системада иштеп жаткандарды окутуу аркылуу өлкө калкын сапаттуу медициналык кызмат менен камсыз кылуу болуп саналат.