24.11.19

Түркиянын Анкара шаарында, Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 9-жыйыны болуп өттү. Бул тууралуу, өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Соода-экономикалык кызматташуу боюнча, кыргыз-түрк комиссиясынын тең төрагалары Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октайдын жетекчилиги астында болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Боронов жана Түркия Республикасынын вице-президенти Фуат Октай эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди бекемдөө жана стратегиялык маанилүү чечимдер кабыл алуу үчүн ушул эле комиссиянын көрүшмөлөрүн жыл сайын өткөрүп туруунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Көрүшмө учурунда, билим берүү жана илим, саламаттыкты сактоо, өнөр жай, кен иштетүү, социалдык коргоо, финансы, банк иши, маданият, туризм, транспорт жана байланыш тармактарына тиешелүү маселелер талкууланды.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов, эки өлкө ортосундагы товар жүгүртүүнү 1 миллиард долларга жеткирүү жөнүндө макулдашууларды ишке ашыруу боюнча чараларды көрүү зарылдыгын белгиледи.

Түркия тарабы менен кошумча сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында, бажы өткөрмө жайларын модернизациялоо, Кыргыз Республикасында ДНКнын толук геномдук анализи, ошондой эле трансплантология үчүн зарыл болгон HLA, Cross Match жана PRA ткандык шайкеш келүүсү боюнча лаборатория ачуу боюнча маселелер каралды.

Көрүшмөнүн соңунда, комиссиянын жыйынынын протоколуна жана экономикалык кызматташуу боюнча иш-аракеттер планына кол коюлду. Протокол соода, саламаттыкты сактоо, билим берүү жана ветеринария чөйрөсүндөгү айрым маселелерди чечүүгө багытталган 76 пункттан турат.

Тараптар, 2020-жылдын жай айында, Ысык-Көлдүн жээгинде чоң кыргыз-түрк бизнес-форумун уюштуруу боюнча макулдашышты.

http://kabar.kg/kyr/news/ankarada-sooda-ekonomikalyk-kyzmattashuu-boiuncha-kyrgyz-t-rk-km-tt-r-aralyk-komissiiasynyn-9-zhyiyny-tt/